И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Кубатбек кызы Зарина “Жаштар жаратмандардын жолу менен” аталышындагы интеллектуалдык оюнда 1-орунду ээледи

10 Январь 2023


1776 Просмотры 2023-01-10 10:25:43

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 3-курсунун студенти Кубатбек кызы Зарина И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Жаштар жаратмандардын жолу менен” аталышындагы интеллектуалдык оюнда 1-орунду ээледи.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимованын катышуусунда өткөн жолугушууда диплом жана китептер тапшырылды.

Министр Уланбек Мамбетакунов жаштар коомдун өнүгүшүндө чоң роль ойной турганын белгилеп, министрлик ар дайым жаштардын сунуштарын, идеяларын угуп, колдоого аларын айтты.